“Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” педагогикалык форум өтүүдө

Коом 21 Август 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.45.27.jpeg
fbffccb5-7fba-4533-a7b3-e593d75d2366.jpeg
b2d4dc1a-6852-4756-b059-53bf6c67935f.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.47.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.45.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.44.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.45.27.jpeg
fbffccb5-7fba-4533-a7b3-e593d75d2366.jpeg
b2d4dc1a-6852-4756-b059-53bf6c67935f.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.47.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.45.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-21 at 09.44.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форум өтүүдө.

Билим берүү тармагындагы маанилүү иш-чарага 400дөн ашуун катышуучу — мугалимдер, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Ошондой эле форумдун ишине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун негизги максаты — мектептик билим берүү системасын жаңылоонун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн маанилүү этабында жетишилген жыйынтыктарды талкуулоо жана алдыдагы милдеттерди аныктоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө панелдик дискуссиялар өтүп, анда “Жаңы окуу жылына карата чечимдер” темасы талкууланмакчы. Ошондой эле “Министрлик жооп берет” аттуу ачык диалог өтүп, катышуучулар билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорун берип, пикир алмашуу болоору күтүлүүдө.

Эки күнгө созулган форумдун программасында билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган панелдик жана секциялык жыйындар каралган. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн Улуттук тарых музейине баруу уюштурулганы маалымдалды.