Доминиканадагы концерт учурундагы кырсык. Каза болгондордун саны 235ке жетти

Дүйнө Загрузка... 15 Апрель 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Доминиканада концерт учурунда түнкү клубдун чатыры түшүп, каза болгондордун саны 235ке жетти. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.

Эске салсак, кырсык бир жума мурун 8-апрелде болгон. Имараттын чатыры белгилүү меренге ырчысы Рубби Перес сахнада ырдап жаткан учурда капысынан кулап түшкөн. Клубда жалпы 300 киши болгон.

“Анын ичинен 235и каза болуп, 65и оор жаракат алып ооруканада дарыланууда.

Учурда куткаруу иштери аяктап, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат. Жакында кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери башталат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин кырсыктын кесепетинен 124 адам каза болгондугу маалымдалган.