Доминиканада концерт учурунда түнкү клубдун чатыры түшүп, 124 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 10 Апрель 2025 10:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. 8-апрелде Доминикана Республикасында концерт учурунда түнкү клубдун чатыры түшүп, 124 адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, имараттын чатыры белгилүү меренге ырчысы Рубби Перес сахнада ырдап жаткан учурда капысынан кулап түшкөн. Клубда 300 киши болгон.

Куткаруу кызматынын директору Хуан Мануэл Мендестин айтымында, 124 киши каза болуп, дагы 150 киши жаракат алган.

“Учурда 400дөй куткаруучу урандылардын арасынан дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатат. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн”,-деген ал.

Кырсыкка байланыштуу өлкө башчысы Луис Абинадер үч күндүк аза күтүү жарыялаган.

"Jet Set түнкү клубунда болгон трагедияга терең өкүнүч менен көңүл айтабыз", - деп жазган ал социалдык тармактагы жеке баракчасына.