Дохада Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотуу маселеси талкууланды — Кабар

Дохада Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотуу маселеси талкууланды

Саясат 15 сентябрь 2025 09:38
adacab46-4a76-36d3-b7db-b28e07bc91a7.jpg
52723fd4-e0b1-3dd7-98a3-8a5f57427237.jpg
172cec76-ce56-373b-8922-f0fbe64f68ad.jpg
7aa85c21-5d0e-38f6-86c4-a7ac340457d2.jpg
Алдыга
Артка
adacab46-4a76-36d3-b7db-b28e07bc91a7.jpg
52723fd4-e0b1-3dd7-98a3-8a5f57427237.jpg
172cec76-ce56-373b-8922-f0fbe64f68ad.jpg
7aa85c21-5d0e-38f6-86c4-a7ac340457d2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 15-сентябрда Доха шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинин алдынан чакырылган Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин өзгөчө сессиясына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери Катардагы акыркы окуяларды жана Газа секторундагы учурдагы абалды талкуулашты.

Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотууга, ошондой эле аймакта туруктуу тынчтыкты орнотууга багытталган координацияны күчөтүү жана биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча пикир алмашты.