Дохадагы аба соккусу. Жабыркаган кыргызстандыктар жок – элчилик

Коом Загрузка... 10 Сентябрь 2025 18:13
02ffeb93-fda4-3f2b-8b6d-d92618e186ac.png
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Катардын борбору Дохада болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар катталган жок. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, элчилик Катар мамлекетинин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен туруктуу байланышта болуп, абалды тынымсыз көзөмөлдөөнү улантууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын дипломатиялык миссиясы Катар мамлекетиндеги жарандарга жергиликтүү мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүн көзөмөлдөп турууну жана расмий маалыматтарга таянууну сунуштайт.