“Дохада абал тынч”. “Кабар” агенттиги Катардагы мекендештерден кабар алды

Коом Загрузка... 10 Сентябрь 2025 17:45
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. “Кабар” агенттиги Катардын борбору Доха шаарында жашаган кыргызстандыктардан кабар алды. Алардын бири Бегайым Досунова учурда үй-бүлөсү менен Дохада турат. Катарга күн мурун жасалган соккулардан кийин абал тынчыганын айтып, күнүмдүк жашоо уланып жатканын белгиледи.

“Доха шаарында абал тынч. Кечээ бир аз коркуу сезими пайда болгон. Азыр мурдагыдай эле күнүмдүк жашоо уланууда. Окуя болгон жерден биз алыс жайгашканбыз, шаардын берки четинде турабыз. Катуу үндөр угулгандан көп өтпөй биздин элчилик байланышка чыгып, кабатыр болбоого чакырды. Дохада менин билишимче, 2000-3000дей кыргызстандык бар болушу керек. Мекендештердин баары эле жакшыбыз деп жазып жатышат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Израиль күн мурун Катардын баш калаасы Дохага сокку урган. Жардыруунун кесепетинен беш киши каза болгондугу айтылууда.