Дмитрий Бивол Токмоктогу билим алган мектебин оңдоп берди

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Мушкер Дмитрий Бивол Токмок шаарындагы өзү билим алган мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Бул туурасында жергиликтүү блогерлердин бири Адилет Ногойбаевдин видеосунда айтылат.

Анда мектеп директору Роза Тукубашева билдиргендей, мектептин сырты, кире бериши жана жыйындар залы ремонттолду. Буга кошумча ар бир мугалим ыңгайлуу отургуч жана компьютер менен камсыздалды. Ошондой эле класстарга мультимедиалык экрандар жана видео камералар орнотулду.

“Учурда мугалимдердин кабинети оңдолууда. Спорт зал толугу менен капиталдык ремонттон өтүп жатат. Мында кыздарга жана балдарга өз-өзүнчө жуунучу жана чечинүүчү бөлмөлөр болот. Биз Дмиртий Биволго биздин мектеп үчүн жасаган эмгегине ыраазычылык билдиребиз”, - деген ал.

Ремонт иштерине жалпысынан дээрлик 35 млн сомдой акча каражаты сарпталган.