Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев үчүнчү беттештин келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы Маsh телеграм-каналдын маалыматына таянып жазды.
Мушкер Дмитрий Биволдун машыктыруучусу Дмитрий Кирилловдун айтымында, тараптар алдын ала келишимге кол коюшту.
Белгилей кетсек, Бивол менен Бетербиев эки ирет беттеш өткөргөн. Биринчисинде, 2024-жылдын 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Артур Бетербиев жеңишке жеткен.
22-февралдан 23-февралга караган түнү кайра эле Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында спортчулар реваншта кезигип, анда Дмитрий Бивол уткан.
Ага ылайык, Дмитрий Бивол бокс боюнча жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.