Бишкек, 28. 02.25. /Кабар/. Дмитрий Бивол акыркы беттешинен кийин дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин рейтингинин төрттүгүнө кирди.
Tengri Sport маалымдагандай, Дмитрий Бивол мурдагы титул ээси Артур Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин рейтингинде көтөрүлдү.
Атактуу бокс басылмасы The Ring Magazine салмагынын категориясына карабастан (P4P) дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин жаңыланган рейтингин сунуштады.
Биринчи орунду дагы эле украиналык мушкер Александр Усик ээледи. Экинчи сапта япониялык абсолюттук чемпион Наоя Иноуэ турат. Үчүнчү орун да өзгөрүүсүз калып, америкалык Теренс Кроуфорд жайгашууда.
Ал эми төртүнчү орунду жарым оор салмактагы жаңы абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол ээлеп, ошол эле дивизиондун мурдагы титулунун ээси Артур Бетербиевди басып өттү.
Эске салсак, мушкер Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди 22-февралдан 23-февралга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Kingdom Arena стадионунда реваншта жеңип, жарым оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону титулун багындырган.