Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев эртең Эр-Риядда беттешет

Спорт 21 февраль 2025 12:30
Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев эртең Эр-Риядда беттешет

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында эртең, 22-февралда Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев беттешет. Бул тууралуу Чемпионат порталы жазды.

Маалыматка караганда, беттеш Kingdom Arena стадионунда өтөт.

Бул ирет Бивол менен Бетербиев реваншта кезигет.

Мушкерлердин былтыркы жылдагы беттешинде упайлардын саны боюнча Бетербиев жеңишке жеткен. Ал бул утушу менен жарым оор салмакта дүйнө чемпиону болгон.