Дүйнөнүн легендарлуу хоккейчиси Андрей Зубарев Кыргызстанга биринчи жолу келди

Спорт Загрузка... 05 Сентябрь 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Бүгүн дүйнөлүк хоккейдин легендасы, Олимпиада чемпиону, Гагарин кубогунун ээси жана Улуттук хоккей лигасынын (NHL) мурдагы оюнчусу Андрей Зубарев Кыргызстанга биринчи жолу келди. Ал бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек жолу жана биздин өлкө менен кызматташуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова Зубаревдун Кыргызстанга келиши чоң сыймык экенин белгиледи.

"Хоккей боюнча Олимпиада чемпионунун Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Биздин жаш хоккейчилер үчүн бул абдан чоң мотивация. Андрей Зубарев балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында өтүп жаткан "Манас кубогу" эл аралык турниринин алкагында келди", - деди ал.

Анын айтымында, Олимпиада чемпионунун алгачкы мастер-классы Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш хоккейчилерине өтөт.

"Балдар муну абдан чыдамсыздык менен күтүп, толкунданып жатышат. Алар Олимпиада медалын көргүсү келип, суроолорун берип, автограф алгысы келет. Бул биз үчүн чоң окуя", - деп баса белгиледи ал.

Кыз-келиндер хоккейине да өзгөчө көңүл бурулат. Мастер-класска 90% Ысык-Көл облусунун алыскы Отрадное айылынан келген “Шапак” клубунун оюнчуларынан турган Кыргызстандын кыз-келиндер командасы да катышат. Команда жакында Нью-Йорк Кубогунда 40+ категориясындагы аялдар командалары арасында ат салышат.

Өз кезегинде Андрей Зубарев учурда Швейцарияда хоккей жабдыктарын жана конькилерди өз алдынча чыгаруу колго алганын билдирди.

"Учурда биз экипировкаларды Кытайда чыгаруудабыз, бирок Кыргызстанда өндүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул алда канча ыңгайлуу, жакыны жана ыңгайлуу болмок. Мындан тышкары, хоккей кийимдери бул жерде чыгарылса, Кыргызстан үчүн чоң кадам болмок", - деп белгиледи ал.

Абдыгулова экипировка маселеси кыргызстандык хоккейчилердин негизги көйгөйлөрүнүн бири экенин кошумчалады.

"Алардын баасы абдан кымбат. Биз аны Россиядан же Америкадан кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатабыз, анткени Кыргызстанда жок. Бул жерде өндүрүштү жолго койсок, бул чоң келечекке жол ачат", — деди федерациянын вице-президенти.

Белгилей кетсек, Андрей Зубаревдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында төмөнкүлөр иш-чаралар орун алат:

  • Жаш хоккейчилер жана Кыргызстандын аялдар курама командасы үчүн мастер-класстар;
  • Өлкөнүн хоккей клубдары менен жолугушуу;
  • Казакстан, Өзбекстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн хоккейчилери үчүн мастер-класстар;
  • Аймактарда хоккейдин өнүгүүсү менен таанышуу.