Дүйнөлүк жакырчылыкка каршы күрөшүү күнү: Кыргызстанда оң динамика байкалууда

Экономика Загрузка... 17 Октябрь 2025 13:40
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25 /Кабар/. Бүгүн дүйнө жүзү боюнча Жакырчылык менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленүүдө.

Кыргызстан жакырчылыктын деңгээлин кыскартууда олуттуу натыйжаларга жетишти. Мындай маалыматтар менен Дүйнөлүк банк бөлүштү.

Эл аралык ченем боюнча (күнүнө 4,2 доллар) жакырчылыктын көрсөткүчү 2022-жылдагы 22,1 пайыздан 2024-жылы 12,1 пайызга чейин төмөндөгөн. Божомолдор боюнча, 2025-жылга карата жакырчылыктын деңгээли 9,5 пайызга, ал эми 2026-жылы 8 пайызга чейин төмөндөйт.

Эксперттер белгилегендей, мындай оң динамика туруктуу экономикалык өсүш, мамлекеттик социалдык коргоо программаларынын ишке ашырылышы жана пенсиялык төлөмдөрдүн жогорулашы менен байланыштуу.

Ошол эле учурда аналитикалык баалоолордо ИДПнын өсүү темпинин басаңдашы жакырчылыктын деңгээлин мындан ары төмөндөтүүнү чектеп коюшу мүмкүн экени баса белгиленет. Андыктан, жаңы жумушчу орундарды түзүү жана өндүрүш секторун өнүктүрүү прогрессти улантуунун негизги факторлору бойдон калууда.

Учурда Дүйнөлүк банктын программасынын алкагында Кыргызстанда инфраструктурадан жана саламаттыкты сактоодон тартып билим берүү жана санариптештирүүгө чейинки түрдүү социалдык-экономикалык багыттарды модернизациялоого жана өнүктүрүүгө багытталган 27 долбоор каржыланууда.

Дүйнөлүк банктын миссиясы - өтө жакырчылыкты жоюу жана жашоого ыңгайлуу планетада жалпы гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуу.