Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. 15-октябрда эртең менен дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги соода маалыматтарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы 1,74%га төмөндөп, баррели 104,21 долларды түздү. WTI мунайы 1,41%га арзандап, 93,75 долларга, ал эми Urals мунайы 2,31%га төмөндөп, 118,15 долларга түштү.
Баалардын өзгөрүшү чийки мунай жеткирүүдөгү үзгүлтүктөргө жана Ормуз кысыгы аркылуу деңиз ташууларынын коопсуздугуна байланыштуу кооптонуулар күчөгөн шартта байкалды.