Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бүгүнкү соодада дүйнөлүк мунай баалары төмөндөгөнү белгилүү болду. Казинформ маалымат агенттиги билдиргендей, эртең менен WTI чийки мунайынын баасы баррелине 95,53 долларды түздү. Бул 0,56 долларга же 0,58%га арзандады дегенди билдирет.
Ал эми Brent чийки мунайынын фьючерстери 0,47 долларга же 0,45%га төмөндөп, баррелине 103,13 долларды түздү. Орусиянын Urals чийки мунайынын баасы баррелине 91,03 долларды түзүп, кечээкиден 10,09 долларга арзандаган.
Дүйнөлүк мунай рыногундагы баалардын туруксуздугунун негизги себеби Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу экени белгиленип келет. Аймактагы чыңалуудан улам Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулар кыйла кыскарган. Дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газынын болжол менен бештен бири дал ушул кысык аркылуу өтүп турганы маалым.