Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026: Даярдыктын алгачкы планы бекитилди

Спорт 2014 26 Январь 2026 18:10
622106519_1190688649889556_3706474361582201997_n.jpg
623290705_1190688976556190_4036685644004371167_n.jpg
622852709_1190688766556211_1763631552308132080_n.jpg
623222755_1190688786556209_3567758048310409404_n.jpg
Алдыга
Артка
622106519_1190688649889556_3706474361582201997_n.jpg
623290705_1190688976556190_4036685644004371167_n.jpg
622852709_1190688766556211_1763631552308132080_n.jpg
623222755_1190688786556209_3567758048310409404_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы астында сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө иш-чараны өткөрүүнүн негизги локациялары, уюштуруу маселелери, оюндардын жүрүшү жана даярдык иштеринин учурдагы абалы боюнча маалыматтар угулду.

Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жыйынга министрдин орун басарлары, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Калыбек Молдажиев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, башкы режиссёр Алтынбек Максутов, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышты.