Алтын менен күмүш жаңы рекорддорду коюуда - дүйнөлүк базарда кайрадан чыңалуу күчөдү

Пикир Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Лондондогу фиксингде алтындын унциясы 3632 долларга чыкты. Күмүш да андан артта калган жок- Comex биржасында декабрь фьючерстери унциясына 42,29 долларга жетип, акыркы 14 жылдагы эң жогорку чекке чыкты.

Серепчи Тимур Саралаевдин айтымында, көптөгөн серепчилер күмүш тарыхый чекке - 50 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп эсептешет.

"Кыргызстан үчүн бул абдан маанилүү, жакшы жаңылык. Анткени алтын биздин эл аралык резервдердин негизи, өзөгү. Эске салсам, жакында эле Улуттук банк өлкөнүн резервдери тарыхта биринчи жолу 7 миллиард доллардан ашканын билдирген. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 5 миллиарддын тегерегинде болсо, эки жыл мурун болгону 3 миллиард эле7

Менин божомолумда, жакынкы убакта алтындын баасы унциясына 3900–3950 долларга чейин жетиши мүмкүн, бирок кийин 3200–3300 деңгээлине түшүп да кетиши ыктымал. Ошондуктан Кыргызстан үчүн эң негизги нерсе - баанын өсүшүн гана күтпөстөн, резервдерди узак мөөнөттүү эсеп менен туура башкаруу.

Эгерде алтын менен күмүштүн баасы жогорку деңгээлде кармалып турса, келерки жылы өлкөнүн эл аралык резервдери дагы өсөт. Бул сомдун туруктуулугуна, экономикадагы тобокелчиликтердин азайышына жана ар бир жаран үчүн келечекке болгон ишенимдин күчөшүнө өбөлгө түзөт",-деди ал.