Дүйнөлүк банктын колдоосу: Кадамжайда Нургазиев каналы модернизацияланууда

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2026 10:40
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кадамжай районундагы Нургазиев каналынын модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен суу чарба кызматтарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

"Учурда объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Модернизациялоо аяктагандан кийин каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 7,5 куб метрден 8 куб метрге чейин көбөйөт", - деп айтылат маалыматта.

Таанышуу иштеринин жыйынтыгында Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоону, курулуш графигинин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.