Ташкент, 25.06.25. /Кабар/. Өзбекстан чакан гидроэлектр станцияларын куруу жана энергия системасын чыңдоо үчүн Дүйнөлүк банктан 150 миллион доллар жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025–2030-жылдар аралыгында ишке ашуучу долбоор жеке сектор менен өнөктөштүктө жүргүзүлөт. Ишке ашуучу ЧГЭСтер негизинен ирригациялык инфраструктуранын базасында курулат.
Учурда 270 жайгашуу жери тандалып алынган. Анын 93 пайызы 100дөн 1000 кВтка чейинки кубаттуулуктагы станцияларды курууга ылайыктуу. 2026-жылга чейин 3 миң чакан ГЭС курулуп, алардын жалпы кубаттуулугу 160 МВтка жетет. Бул 280 миң адамды электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
2026–2030-жылдар аралыгында жалпы 150 МВт кубаттагы станциялар ишке киргизилип, жылына 520 ГВт⋅саат “жашыл” энергия өндүрүлөрү күтүлүүдө. Ошондой эле долбоор аркылуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү жылына 430 миң тоннага кыскартылат.