Дүйнөлүк банк Өзбекстанда бизнести колдоого 105 млн доллар бөлөт

Борбор Азия Загрузка... 17 Декабрь 2025 11:25
A_17_3.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.12.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши Өзбекстанга 100 млн доллар өлчөмүндө кредит жана 5 млн доллар грант бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттар микро, чакан жана орто ишканалардын кредиттик ресурстарга жана жеке инвестицияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган Access to Finance for Jobs and Growth Project (FINGROW) долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

Долбоордун максаты - капитал тартыштыгын башынан кечирип жаткан ишканаларды каржылоонун көлөмүн көбөйтүүгө, бизнесинин өсүшүн ылдамдатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Өзбекстанда микро, чакан жана орто ишканалар бардык ишканалардын 90 пайыздан ашыгын түзүп, калктын болжол менен 75 пайызын жумуш менен камсыз кылат жана өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 55 пайызына жакынын калыптандырат. Ошого карабастан, акыркы жылдары кредиттөөнүн өсүшүнө карабай, капиталга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү бойдон калууда.

Болжолдорго ылайык, 2030-жылга чейин 7 миңге жакын микро, чакан жана орто ишкана кредиттик каржылоого жетет. Алардын ичинен 4,5 миңге жакыны аялдар жана жаштар жетектеген ишканалар болот. Натыйжада 100 миңге чукул жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда, алардын жарымынан көбү аялдарга жана жаш адистерге туура келет.