Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы социалдык долбоорлорду колдойт

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 17:55
740880989_27460381990286369_6870713972372375284_n.jpg
740059641_1247132390744607_4856830868140976084_n.jpg
741428262_1597354118485790_192192538168431788_n.jpg
741475386_2273234986837930_7086782759164343373_n.jpg
Алдыга
Артка
740880989_27460381990286369_6870713972372375284_n.jpg
740059641_1247132390744607_4856830868140976084_n.jpg
741428262_1597354118485790_192192538168431788_n.jpg
741475386_2273234986837930_7086782759164343373_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Муратбек Байгончоков Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар "Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" биргелешкен долбоорунун жүрүшүн жана пландалган иш-чараларды тездетүү маселелерин талкуулашты.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, калкты социалдык жактан коргоо механизмдерин андан ары өнүктүрүү, иш менен камсыз кылуу саясатын өркүндөтүү жана эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө тууралуу макулдашты.