Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда ишке ашырылган "Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо" долбоорунун жогорку жыйынтыктарын көрүү мен үчүн абдан жагымдуу, - деди Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл.
Анын айтымында, долбоордун алкагында 20 миңден ашык ишкер пайызсыз насыя алышты, бул өзгөчө COVID-19 пандемиясынын оор мезгилинде чоң жардам болду. Бул көптөгөн үй-бүлөлөргө туруктуу кирешени сактап калууга мүмкүндүк берсе, айрым үй-бүлө мүчөлөрү жумуш орундарын сактап кала алышты.

"Долбоордун жыйынтыктарына таянуу менен биз 2026-жылдын январь айында ишке аша турган жаңы долбоорду даярдадык. Ал өндүрүштүн кеңири тармагын камтыйт жана андан дагы кеңири болмокчу. Бул үчүн Дүйнөлүк банк 120 млн доллар бөлөт, ошондой эле долбоорго башка өнөктөштөр да кошулат", — деди Ридделл.
Ал ошондой эле акыркы үч жылда Кыргызстандын ИДПсы тез темп менен өсүп жатканын белгиледи.
"Өсүш таасирдүү, бирок Дүйнөлүк банк үчүн анын туруктуулугу жана инклюзивдүүлүгү маанилүү. Экономикалык өсүш узак мөөнөттүү болушу үчүн эмне кылуу керек? Жооп — чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө", — деп белгиледи Дүйнөлүк банктын өкүлү.