Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого даяр

Аналитика Загрузка... 27 Январь 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого даяр экенин билдирди. Бул туурасында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин аталган эл аралык финансы институтунун Борбор Азиядагы жетекчилиги менен жолугушуусунда белгилүү болду. Ири инвестициялык долбоордун жалпы наркы 3-4 млрд долларга чыгары айтылууда. Эске салсак, станцияны Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешип курат. Үч өлкөнүн ар бири 500 млн доллардан чыгарууну макулдашкан. Бул 1,5 млрд долларды өнөктөштөр пайызсыз насыя иретинде алуу үчүн Дүйнөлүк банкка кайрылышкан.

WhatsApp_Image_2026-01-27_at_13.42.42.width-800.jpg

Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын ири жана маанилүү долбоорлорунун сап башында турат. Ага чоң үмүт артылган. Учурда иштеп жаткан Токтогул ГЭСи 1200 МВт кубаттуулук менен калктын жарымынан көбүн электр энергиясы менен камсыздап келет. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, кубаттуулугу Токтогулдукунан 1,5 эсе көп, 1860 МВт. Өлкө электр кубаттуулугу менен толук камсыз болуп, энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат. Мындан сырткары, суу ресурстарыбызды колдонууну, сууну керек маалда Өзбекстан менен Казакстанга жиберүүнү жөнгө салат.

Нарын дарыясында кубаттуу электр станциясын куруу боюнча иштер совет маалында, 1980-жылдардан кийин эле башталган. Аянты, инфраструктурасы, дамбасына байланыштуу айрым иштер аткарылган. Бирок, Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдары союздук каржылоо токтоп калган. Андан бери маселе маал-маалы менен көтөрүлгөнү менен, реалдуу кадамдар жасалган эмес. Орто жерден Өзбекстандын ошол кездеги жетекчилиги караманча каршы чыгып, ошол бойдон иш токтоп калган.

2020-жылдагы энергетикалык каатчылык "Камбар-Ата-1" долбоорун кайра ортого алып чыгууга мажбур кылган. Президент Садыр Жапаров курулуш үчүн донорлорду издөөнү тапшырып, каражат табылганча даярдыкты Кыргызстан өз күчү менен баштай турганын билдирген.

2024-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан менен макулдашууга жетишти. Долбоорду биргеликте ишке ашыруу меморандумуна кол коюшуп, үч өлкө 500 млн доллардан чыгармай болушкан. Бул 1,5 млрд долларды Дүйнөлүк банктан пайызсыз насыя иретинде алуу пландалган болчу.

Дүйнөлүк банктын каржылоого макулдугу “кылымдын долбоорунун” курулушу акыры башталат дегенди билдирет. Курулуш 10 жыл убакытты алат. Бул убакыт аралыгында таш плотина, 4 чоң гидроагрегат имараты менен, суу төгүүчү, суу сактоочу жана тазалоочу жайлар, транспорттук туннелдер, өндүрүш корпустары, жумушчулардын шаарчасы курулушу керек.

WhatsApp Image 2026-01-27 at 16.47.17.jpeg

Энергетика министрлиги “Кабар” агенттигине Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жумшала турган каражаттар жана курулушка даярдыктар боюнча маалымат берди. Министрлик белгилегендей, бүгүнкү күнгө карай ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды.

“Бул иштер үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн АКШ долларына кошумча, дагы 13,6 млн доллары бөлүнүп берилди. Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна Дүйнөлүк банк тарабынан жогоруда аталган 3 мамлекет үчүн 1,5 млрд доллар бөлүп берүү маселеси каралууда. Мындан тышкары, жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында долбоорго Кыргызстанды 9 донор 2,6 млрд доллар менен каржылоого кызыкдар экенин билдирди.

Долбоордун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун долбоорун иштеп чыгуу аяктады.

Учурда Бишкек–Ош унаа жолунан бөлүнүп кете турган 8,6 км бетон жол курулуп бүтүп, андан станцияга чейинки 4,7 км жолдун 85%ы аяктады. Ошондой эле 126 метрлик транспорттук туннель курулду. Электр энергиясы үчүн көмөк чордон, 100 адамга эсептелген вахталык шаарчанын административдик корпусу, жатакана, ашкана жана кошумча объекттер 60–70% деңгээлде даяр. Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата-1 ГЭСинин оң жээгине өтүүчү көпүрөнүн курулушу 50–60%га аяктады”, - деп билдирди Энергетика министрлиги.

Энергоэффективдүүлүк боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, аталган эл аралык каржы мекемеси каражатты Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикадагы аракеттерин, региондун тынчтыгы үчүн кабыл алган чечимдерин, жетишилген ийгиликтерин талдап, өлкө жетекчилигине ишеними артканы үчүн берип жатат.

WhatsApp Image 2026-01-27 at 16.52.06

“Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Акыркы мезгилдерде электр энергиясынын жетишсиздиги, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун тартыштыгы пайда болууда. Бул биринчиден, климаттык чакырыктарга жооп. Экинчиден, өлкөдө энергетикалык коопсуздукту камсыздоо.

Дагы бир маанилүү жагдай, долбоорго кошуна өлкөлөр да кызыгып, каржылоого катыша турганын билдиришти. Демек, биз электр энергиясынын таңсыктыгын жоюудан сырткары, регионду суу менен камсыз кылууга да салым кошобуз. Бул аймактын жаратылыш потенциалын туура иштетүү долбоору.

Ал эми эл аралык каржылоо мүмкүнчүлүгү бар Дүйнөлүк банк сыяктуу тараптардын буга кызыгуусу өтө маанилүү. Алардын адистери бардык мүмкүнчүлүктөрдү, татаалдыктарды изилдеп, талдаган соң гана чечим чыгарат. Кыргызстандын ири долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жаралып, инвесторлорго жеңилдик берилип, шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк банк өлкөдө аткарылып жаткан иштердин баарын сыдыргыдан өткөрдү.

Каражатты жеңилдетилген шартта берет. Муну Кыргызстандын жетишкендиги катары кабыл алса болот. Регионалдык маселелерди чечүүдөгү биздин аракетибиз дагы бул чечимге салымын кошту десем болот”, - деди энергоэффективдүүлүк боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов.