Ташкент, 07.04.25. /Кабар/. Өзбекстанда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 153 млн долларлык туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү боюнча масштабдуу долбоор башталды. Бул тууралуу Самарканда өткөн эл аралык климаттык форумда айтылды.
Долбоордун максаты - жердин деградациясына каршы күрөшүү, климаттын туруктуулугун жогорулатуу жана аялуу аймактарда жашоонун сапатын жакшыртуу. Демилге Өзбекстандын алты облусун камтыйт жана Борбордук Азиядагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча аймактык программанын алкагында ишке ашырылат.
Иш-чаранын негизги багыты экосистемаларды комплекстүү калыбына келтирүү болуп саналат, атап айтканда агротокой чарбасы жана бактарды түзүүдөн сууну үнөмдөөчү технологияларды жана эрозияга каршы иш-чараларды киргизүү. Каражаттын олуттуу бөлүгү фермерлерди колдоого жана экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган, бул айыл жеринде чакан бизнести жана иш менен камсыз кылууга түрткү бериши айтылууда. Долбоор ошондой эле токой плантацияларынын санариптик базасын түзүүнү жана токой ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн маалымат жана коммуникация технологиялары инфраструктурасын өнүктүрүүнү камтыйт.
Демилге 176 миң гектар аянтта токойлорду жана 38,5 миң гектар жерде жайыттарды калыбына келтирүүнү, ошондой эле адистештирилген плантацияларды, анын ичинде дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүүчү аянттарды түзүүнү пландаштырууда.
Эксперттердин айтымында, бул долбоор жаратылыш ресурстарын узак мөөнөттүү башкарууга багытталган аймактык саясаттагы маанилүү бурулушту билдирет.