Эркин Саралаев эки жашында ата-энеси менен Москвага кеткен. Анын атасы россиялык цирктерге иштөөгө чакырылып, ошондон бери Эркин агасы менен эжеси менен биргеликте цирк династиясынын улантуучулары болуп келет. Ал учурда Цветной бульвардагы Ю.Никулин атындагы Москва Циркинде иштейт. Аны менен аңгемелешүүбүз Тбилисидеги гастроль учурунда орун алды. Бул 19-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк цирк күнү эле.
– Эркин, сиз цирк династиясынын мураскерисиз. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Туура, мен цирк династиясынын мураскеримин. Биздин династия кичинекей – бул династия атам Болот Саралаевден башталган. Ал акробат болгон жана улуу устат Юрий Канагингдин кол алдында иштеген. Бул Совет доорунда эң күчтүү цирк оюндарынын бири болуптур. Ага чейин атам Бишкектеги циркте тик аркан акробаты болуп иштечү. Анан ал "Тик аркандагы акробаттар" деген аталыш менен өз тобун түзгөн. Бул номерге ал кезде өспүрүм курактагы улуу агам Таалайбек менен Асел эжем катышып, аны андан ары өздөштүрүп кетишти. 8 жашымда бул номерге катышам деп мен дагы толук машыгууга кириштим.
Атам цирктеги карьерасын аяктагандан кийин эжем, агам жана мен таптакыр башка багытты тандадык. Агам эквилибрист болду, ал эми эжем жаныбарларды үйрөтүү (дрессура) өнөрүн тандады. Мен болсо клоунаданы тандадым. Агам азыр Россиянын Эмгек сиңирген артисти жана Гиннес рекорддор китебине кирген рекордсмен. Ошондой эле цирктин ар кандай фестивалдарынын көп сандагы алтын медалдарынын ээси. Эжем мышыктар менен, жолдошу иттер менен иштейт. Эл аралык цирк фестивалдарында ар кандай сыйлыктардын лауреаттары. Алар учурда Цветной бульвардагы Ю.Никулин атындагы Москва Циркинде иштешет. А мен Эл аралык цирк фестивалдарында көптөгөн байгелүү орундарга ээ болдум. Мына ушинтип циркти ар кандай жанрларга бөлүп, ийгиликтүү иштеп жатабыз.

- Балалыгыңыз кандай өттү? Цирктеги тарыхыңыз кандай башталды?
– Балалык кезим сонун, кызыктуу өттү, анткени ай сайын жаңы шаар, жаңы мектеп болчу. Жаңы достор пайда болду. Ар бир шаардын өзүнүн маданияты жана менталитети бар болгондуктан балалык чагым чындап эле кызыктуу өттү десем болот.
Циркте балдар ар түрдүү майрамдарга катышуу адатка айланган. Аренада ата-энелерибизге ар кандай чакан шоуларды коюп берчүбүз. Азыр ойлосом бул циркке болгон сүйүүбүздү ойготкон экен. Шоунун алдында бардык артисттер аренага чыгып, таазим кылганда балдар да катышчу. Менин аренага алгачкы чыгуум ушундай башталган.

– Цирк ата-энеңиздин эле кесиби эмес, өз жолуңуз экенин качан түшүндүңүз?
- Бизде үй-бүлөлүк видеоархив бар, азыр да кассетада сакталып турат. Мен клоун болгум келет деп ошол жерде жазган экенмин. Албетте, жол узак болду. Алгач акробатика, кийин гимнастика менен машыгып, андан кийин жонглёр болдум. Бала кездеги кыялымды орундатууга убакыт келгенин кийин гана түшүнө баштадым. Ал эми 2020-жылы аренага биринчи жолу жеке клоун катары чыктым. Бул жанрда беш жылдан бери иштеп келе жатам.
- Альтернатива болгонбу же баары алдын ала чечилгенби?
- Ал ар дайым бар, бирок мен төрөлгөндөн бери цирк дүйнөсүнө чөмүлүп, бул атмосфераны жакшы көрө баштагам. Көрсө, мен кичинекей кезимден эле программанын толук кандуу катышуучусу болгон экенмин. Артист катары иштебесем да, кандайдыр бир жоопкерчиликти сезчүмүн, бул үчүн мени макташчу, ал мага дем берчү. Ал эми бала кездеги мындай элестер циркке болгон сүйүүмдү күчөттү.

– Жанр тандооңузга кимдир бирөө же бир нерсе таасир эттиби?
- Өзүңө жаккан нерсени карасаң, ал жөнүндө кыялдана баштайсың. Кыязы, мен клоундарды көрүп, алардын жасаган иштерин жактыргам. Эсимде, 5-6 жашымда менден ким болгуң келет деп сурашканда клоун болгум келет деп жооп бергем.
Кийин жонглёр болуп иштей баштаганда, бул жанр мага тар боло баштады. Бирок, аренага чыгуу мага абдан жакты, ошондуктан мен андан да чоң нерсени каалай баштадым окшойт. Аренага чыгуунун ырахатын сөз менен айтып жеткире албайм. Адреналин оргуйт. Ошол учурда жашап, сезимдердин туу чокусуна чыгып, эйфорияга батасың. Көрүүчүнүн ар бир кыймылына импровизация жасоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Эгерде импровизация ишке ашса, жасаган ишиңден эки эсе ырахаттанасың. Бул сөз менен айтып бүткүс.
Менин тандоомо ата-энем таасир этти деп айта албайм. Атам бизге бардык жанрларды үйрөткөн. Мен ата-энеме тоскоолдук жаратпаганы үчүн ыраазымын. Алар мага колунан келгендин баарын беришти, мени чектешпей, тандоо укугун беришти.
- Цирк сиз үчүн эмнени билдирет? Бул сахна, искусство же тагдыр? Же балким ички философиябы?
– Кээ бирөөлөр үчүн цирк башында жөн гана сахна. Бир нерседе ийгиликке жетсең, өзүңө ишене баштайсың. Ошондо бул искусство экенин түшүнө баштайсың дешет. Ал эми көрүүчүнүн талабына жооп бериш өтө татаал өнөр. "Ар бир көрүүчүнүн ичинде бир сүрөтчү болот. Эгер анын ички сүрөтчүсү сени жеңсе, анда ал адамдын кызыгуусун жоготот" деген сонун режиссер менен иштештим. Демек, цирк көрүүчүлөргө туура көрсөтүлүшү керек болгон татаал искусство.

Анан - бул философия. Дагы айтам, бардыгы ар бир артисттин өнүгүүсүнө жараша болот. Кээ бирөөлөр бул жолду акырын басып өтүшсө, башкалары абдан тез жана дароо эле цирк философиясы деген тыянакка келишет.
- Тамашалуу сюжетти кантип ойлоп табасыз? Бул көрүүчүлөрдүн күлкүсүн жаратат дегенди кандай сезесиз же түшүнөсүз?
- Бул анализ деп ойлойм. Чынын айтсам, мен аракеттин логикасына көбүрөөк ишенем. Бирок эң негизгиси реприздин ( кыска, күлкүлүү көрүнүш ) темасы. Бул өзүнөн өзү келет. Алгачкы репризим "Сомбреро" болду. Мен атайын шляпаларды сатып алып, ойлоно баштадым. Сомбреро Мексика менен байланышкан. Демек, гитара да болушу керек. Менде көрүнбөгөн гитара идеясы бар болчу. Көзгө көрүнбөгөн гитарада ойноп, анан аудиторияга ыргытам деген ой келди. Ыргытылган көзгө көрүнбөгөн гитара менен провокацияга көрүүчүнүн реакциясы кандай болот деп кызыктым. Ошол эле учурда менин милдетим – көрүүчүнүн репризден баатыр катары чыгуусу болчу. Ал жеңүүчү болушу керек. Ошентип ал номерим ийгиликке жетти.
- Карьераңыздын эң көрүнүктүү этаптары кайсы өлкөлөр жана долбоорлор менен байланыштуу?
- Мен үчүн эң таң калыштуу учур Москвадагы "GEAR. "Механикалык жүрөк" долбооруна киргеним болду. Бул номерди мындан 10 жыл мурун мыкты режиссер Игорь Оршуляк койгон. Ал кезде ал Р.Виктюк театрынын директору болчу. А мен үчүн бул кандайдыр бир ачылыш болду. Чынын айтсам, ошол кезде актер катары өзүмдүн дараметимди толугу менен көрсөткөнгө үйрөндүм. Көрүүчүгө 100 пайыз берилип, ал мага иш-аракеттердин логикасын жана көрүүчүгө кандайдыр бир идеяны кантип жеткирүүгө жардам берди.
Дегеле цирк артистинин өсүп-өнүгүүсү ал барган мамлекеттердин санына жараша болот деп айта алам. Ар бир өлкөнүн өзүнүн менталитети бар. Анан жергиликтүү маданиятты үйрөнүш керек. Жергиликтүү аудиторияга жаңы ыкмаларды табыш шарт. Мисалы, Европада алар анча-мынча абсурддуу юморду жакшы көрүшөт – мисалы, шым түшүп кеткенде, ыйлаганда же жөн эле жыгылганда. Биздин постсоветтик мейкиндик үчүн бул юмор абдан жөнөкөй. Бул жерде кылдаттык, акылмандык жана логиканы кошуу керек.
- Цирк дю Солей көптөгөн артисттердин кыялы. Ал жакка барууга мүмкүнчүлүк болдубу? Сиз муну каалайсызбы? Же сиздин өз жолуңуз барбы?
- Ал жакка жетүү оңой эмес. Кастингге катышуу боюнча бир нече сунуштар болгон. Бирок мен аны эмнегедир олуттуу кабыл алган жокмун. Менин өз жолум бар окшойт. Мен өзүм түзгөн командадан чоң ырахат алам, эгер мага ал жакка барууну сунушташса, баш тартпайм жана ырахаттануу менен аракет кылам. Балким, бул менин тагдырымдын маанилүү кесилиштеринин бири болуп калат, ал мага интенсивдүү өнүгүүгө жардам берет.

- Пугачеванын аткаруусундагы “Арлекин” ыры цирктеги жалгыздыктын гимни десек болот. Ал эми, «The Show Must Go On» чыгармасында артист эмнеси болсо да сахнага чыга берет. Бул ырлардын кайсынысы сизге жакынырак жана эмне үчүн?
- «The Show Must Go On» болсо керек. Негедир ал мага жакыныраак. Кээде жашоодо ар кандай нерселер болот. Бирок мен сахнага чыкканда аны көрсөтпөй, тескерисинче, көрүүчүлөргө көрсөтүп жаткан образга кирип, 100 пайыз иштешим керек.
- Цирк – бул сахна, жарыктар, көрүүчүлөр. Бирок көшөгө артында эмнелер бар? Коомчулук эмнени көрбөйт?
- Сахна артындагы жашоо, албетте, бир аз катаал – бул машыгуу, тер, көз жаш, кан, депрессия, жаракаттар.
Айрыкча жаракаттар. Мен өзүм да бутума, тиземден жаракат алгам, омуртка аралык грыжам бар. Азыр мындан 5 жыл мурун жасаган кээ бир нерселерди кыла албайм. Буга чейинки кээ бир акробатикалык трюктарды кылдаттык менен аткарам. Циркте мага окшогондор көп. Кыязы, цирк артисттеринин 90%ы жаракат алган жана алар менен күрөшкөн. Бирок, албетте, цирксиз жашоо биз үчүн кыйын. Ошондуктан цирктеги карьерабызды улантып жатабыз.
Мындан тышкары, депрессия сыяктуу эмоционалдык кыйынчылыктар бар. Жаңы нерсе кылуу үчүн азап тартыш керек. Кээде ишке ашпай калат. Албетте, депрессия, көңүл калуулар болот. Бул жашоо. Ар бир чыгармачыл кесип үчүн таптакыр нормалдуу көрүнүш.
Кээде адам чоң ийгиликке жетсе — мисалы, сахнада ийгиликтүү роль ойноп чыкса, чоң сынакта жеңсе же көпчүлүккө таанымал болуп калса — ичтен күмөн саноо башталат: "Бул ийгилик мен үчүн эмес го, мен буга татыктуу эмесмин, башкаларга караганда анча деле өзгөчө эмесмин" деген ойлор мээни жей баштайт. Ошондо адам өзүн ийгиликке жеткен эмес, «кокусунан байкалган» же «кечээ эле сахнага чыгып кеткен жупуну адам» катары сезе баштайт. Өзүн өзү иликтеп, "мен чындап бул жерде болууга татыктуумунбу?" деп суроо сала берет. Бул — синдром самозванца.
Бул көрүүчүлөргө көрүнбөйт. Аларга көрсөтпөшү керек. Анткени, цирк — адамдарды шыктандырган чыгармачылык искусство.
- Окуучуларыңыз барбы? Же балким, сиз өз тажрыйбаңызды жаштарга үйрөтүп, окутууну баштоону ойлондуңуз беле?
- Менин окуучуларым жок. Эгер кимдир бирөө мага келип сураса, мен өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын жана кесиптештердин кеңешине жана суроолоруна ар дайым ачыкмын. Мен башкаларга салыштырмалуу жаш болгондуктан окуучуларым жок. Чынын айтсам, мен азырынча сабак бергенге даяр эмесмин.
- Кыргызстандагы цирк өнөрүнүн абалы менен таанышсызбы?
- Анча эмес. Мен Кыргызстандын цирк өнөрүн Россияда жана башка өлкөлөрдө татыктуу көрсөтүп жаткан айрым артисттерди билем.
Баса, мен өзүмдү кыргыз циркинен ажырата албайм. Кантсе да улутум кыргыз. Ал эми эл аралык фестивалдарда Кыргызстандын да, Россиянын да атынан чыгам. Мекеним Кыргызстандын атынан чыгуу мен үчүн сыймык.

- Кыргызстанга келип иштегиңиз келеби? Мындай кадамга барууга эмне түрткү бериши мүмкүн?
- Мен үч жыл мурун Кыргызстанда гастролдо болдум. Бул цирк ремонттолгонго чейин болгон. Эми оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин менимче, сонун болуп калды. Чакыруу болсо сүйүнүп келебиз. Кызматташууга даярмын.
- Балдарды жана жаштарды тарбиялоодо цирк кандай роль ойнойт деп ойлойсуз?
- Цирк искусство катары чыгармачылык күчкө ээ. Өлкө үчүн сыймыктанууга негиз бере турган улуттук, патриоттук программаларды коюуга болот.
Эгерде маселенин профессионалдык жагына токтоло турган болсок, анда адам циркке келгенде физикалык жактан, психикалык жактан жана чыгармачылык жактан өнүгөт. Биз адабиятты көп окуйбуз. Мисалы, Станиславскийди. Психологияны да окуйбуз. Бул клоундукта өзгөчө маанилүү. Көрүүчү менен түздөн-түз иштегенде, белгилүү бир адам сиз менен байланышка чыгабы, жокпу, анализдөө керек. Анын жүрүм-турумун, тилин, өзүн кандай алып жүрөрүн изилдөө керек - бош же тымызын, активдүү же пассивдүү. Мунун бардыгына жалпысынан баа берүү керек. Демек, циркке келген адамдын өнүгүүсү өтө чоң.
– Цирктеги жашоодон эмнени үйрөндүңүз – артист катары эмес, адам катары?
- Көп саякаттап, менталитеттин, маданияттын ар түрдүүлүгүн көрөбүз. Мен бул көп түрдүүлүккө өзгөчө урмат-сый менен, атүгүл коркуп мамиле кылууну үйрөндүм, анткени бул адамдар үчүн абдан маанилүү. Аренада иштеп, көрүүчүлөрдүн жообун көрүп, мен алар үчүн шыктандыруучу нерсе абдан маанилүү экенин түшүнөм.
Мисалы, мен азыр Грузиядамын. Биздин программада Россия, Казакстан, Украинанын жигиттери бар. Ал эми улутубузга, маданиятыбызга карабай баарыбыз чогуу бир шоу жасайбыз. Бул мен үчүн чоң сабак. Чыныгы жашоодо ушундай болсо жакшы болмок. Мен кандайдыр бир биримдикти каалайт элем, анткени биз баарыбыз элбиз.
– Аренадагы эң кымбат, эң жаркыраган учуруңуз – жүрөгүңүздө түбөлүккө сакталган учур кайсы?
- Бир жолу эпилогдо бардык артисттер сахнага чыкканда бир нече көрүүчүлөрдүн ыйлап жатканын көрдүм. Спектакль бүткөндөн кийин алар менен сүйлөштүм. Көрсө, спектакль аларга депрессияга жана айрым кыйынчылыктарга каршы күрөшүүдө жардам берген. Бул учурда, сүрөтчүнүн аң-сезими чындап өзгөрөт. Башка адамда бир нерсени өзгөртө аларыңызды түшүнөсүз. Бул мен үчүн абдан маанилүү.