Ironman темир аралыгы – бул жөн гана спорт эмес, бул чыныгы мүнөздү сыноо, анда физикалык даярдык эле эмес, руханий күч дагы маанилүү. Түштүк Кореяда өткөн мелдешке дүйнөнүн төрт бурчунан келген спортчулар менен кошо Кыргызстандан үч өкүл катышты. Алардын бири Николай Ли "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде дебюттук эл аралык тажрыйбасынан алган таасирлери менен бөлүшүп, кыйынчылыктар жана ага алга жылууга түрткү берген нерселер тууралуу айтып берди.
- Бул формат менен тааныш эместер үчүн Ironman дистанциясы өзүнө эмнелерди камтый турганын айтып берсеңиз?
- Ironman – узак аралыкка триатлон боюнча мелдеш. Ал 3,8 чакырым ачык сууда сүзүү, 180 чакырым велосипед менен жарышуу жана 42,2 чакырым аралыкка марафондук чуркоону камтыйт. Ironman дүйнөдөгү эң татаал бир күндүк мелдеш болуп саналат.
- Бул стартка даярдануу канча убакытка созулду?
- Бала чагымда мен 3 жыл сууда сүзүү менен алектенип, өзүм үчүн машыгуу залына барып турчумун. Триатлон менен машыкканыма 3 жыл болду, ал эми бул мелдешке катышуу үчүн даярдык көрүп баштаганыма бир жыл болду.
- Сиз үчүн аралыктын кайсы бөлүгү татаал? Сууда сүзүү, веложарыш же чуркообу?
- Мен үчүн эң эле оор бөлүгү - чуркоо. Триатлондо чуркоо акыркы этап болуп саналат. Буга чейинки сууда сүзүү жана веложарыштан кийин организм чарчап калат, ошондуктан жакшы жыйынтык көрсөтүү үчүн жетиштүү энергия сактап калуу керек. Чуркоо мен каалагандай оңой эмес, дагы машыгышым керек.
- Ушундай узак мелдештер учурунда психиологиялык жана физикалык жүктөмдөргө кантип туруштук бересиз?
- Ушундай узак жүктөмдөр учурунда мен айлана-чөйрөгө карап, кооз жаратылыштан ырахат алууга аракет кылам.
- Баарына кол шилтеп таштап коюну каалаган учур болду беле жана улантууга эмне түрткү берди эле?
- Мелдешке даярдык көрүү учурунда ушундай учур болгон. Бул абдан узак процесс, көп убакытты жана күчтү талап кылат. Бирок, стартка чыгып жатканда артка жол жок, бир гана алдыга, кыялдарга карай умтулуу керек.
- Кореядагы Ironman мелдешине катышкан соң кандай максаттарды коюп атасыз?
- Азыр менин башкы максатым мелдештен кийин калыбыма келүү жана акырындан андан ары өнүгүү үчүн машыгууну баштоо.
- Башка эле аралык мелдештерге катышууну пландап жатасызбы?
- Жергиликтүү сынактарга сөзсүз катышууну пландап жатам. Өлкөбүздө триатлон абдан тез өнүгүп жатат, келечекте эл аралык мелдештерге да катышам деген үмүттөмүн.