Дүйнөдөгү эң кары адам Өзбекстанда жашашы мүмкүн

Борбор Азия Загрузка... 15 Сентябрь 2025 09:15
a_15.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 14.09.25. /Кабар/. Фергана облусунун Бувайда районунун тургуну Хувайдо Умарова өлкөнүн эң кары жараны катары сот тарабынан расмий таанылды. Документтерге ылайык, ал 1895-жылдын 1-январында төрөлгөн. Эгер бул маалымат ырасталса, Умарова дүйнөдөгү эң кары тургун болуп эсептелмекчи.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Бувайда райондук юстиция бөлүмү берген доо арыз Коканд шаарындагы райондор аралык соттун көчмө жыйынында канааттандырылган. Бирок сотто анын жашын далилдеген каттоо документтери жоктугу белгиленди.

Эске салсак, азыркы тапта дүйнөдө расмий түрдө таанылган эң кары адам – Улуу Британиянын тургуну Этель Катерхэм. Ал быйыл август айында 116 жашка толуп, Суррей графтыгындагы карылар үйүндө жашап жатат.

Ал эми тарыхтагы эң узак жашаган адам – Франциялык Жанна Луиза Кальман. Ал 122 жыл 164 күн өмүр сүргөн.