Дүйнөдө аба каттамдарына суроо-талап төмөндөдү

Дүйнө 1 октябрь 2026 09:15
Дүйнөдө аба каттамдарына суроо-талап төмөндөдү
copyright icon WWW

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Дүйнөдө аба каттамдарына суроо-талап быйыл август айында өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 0,8% төмөндөдү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) отчетуна таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, төмөндөө негизинен Жакынкы Чыгыштагы аба ташуулардын кескин кыскарышы менен байланыштуу. Эгер бул аймактагы авиакомпаниялардын көрсөткүчтөрү эсепке алынбаса, дүйнөлүк суроо-талап тескерисинче 0,6% өскөн.

Эл аралык авиакаттамдарга суроо-талап жылдык эсепте 0,9% азайса, Жакынкы Чыгышты эсепке албаганда 1,3% өскөн. Ички каттамдарга суроо-талап 0,5% төмөндөгөн.

IATAнын маалыматына караганда, августта Жакынкы Чыгыштагы авиакомпаниялардын кызматтарына суроо-талап былтыркыга салыштырмалуу 14,6% кыскарган. Уюм бул көрсөткүч аймактагы авиация рыногунун мурда байкалган калыбына келүү тенденциясын үзгөнүн белгиледи.