WhatsApp ата-энелер үчүн жаңы көзөмөл функцияларын киргизет

Дүйнө 1 октябрь 2026 09:25
WhatsApp ата-энелер үчүн жаңы көзөмөл функцияларын киргизет

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/ WhatsApp өспүрүмдөрдүн коопсуздугун күчөтүү үчүн ата-энелерге арналган жаңы көзөмөл функцияларын киргизет. Бул тууралуу Казинформ BBCге таянуу менен билдирди.

Жаңы функциялар аркылуу ата-эне өспүрүмдүн кайсы топко кошулганын же топтон чыкканын билип, анын профилдик сүрөтүн кимдер көрө аларын жана кимдер аны топторго кошо аларын чектей алат.

Ошондой эле ата-эне WhatsAppтагы Channels функциясын жана Meta AI жардамчысын колдонууга байланыштуу айрым жөндөөлөрдү башкара алат. Meta AI үчүн “13+” же “Чектелген контент” режимин тандоого болот.

Ошол эле учурда ата-энелер баланын жеке каттарын окуй албайт жана чалууларын көрө албайт. Жеке маалыматтар шифрлөө менен корголот.

Көзөмөл функцияларын колдонуу ата-эненин каалоосуна жараша болот. Ата-эне атайын PIN-код коюп, өспүрүмдүн белгиленген чектөөлөрдү өз алдынча өчүрүүсүнө жол бербейт.

WhatsApp бул жаңылыктар ата-эне менен өспүрүмдүн мессенджерди коопсуз колдонуу тууралуу ачык сүйлөшүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.

Жаңы чаралар дүйнөдө технологиялык компанияларга балдардын онлайн коопсуздугун күчөтүү боюнча талаптар өсүп жаткан учурда киргизилүүдө.