Бишкек, 01.10.26. /Кабар/ Португалиялык футболчу Криштиану Роналду улуттук курамадан кеткенин билдирди. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Анын айтымында, мындай чечимди улуттук кураманын башкы машыктыруучусунун маалымат жыйынынан кийин жана Португалиянын Футбол федерациясынын президенти менен сүйлөшкөн соң кабыл алган.
“Башкы машыктыруучунун маалымат жыйынынан жана федерациянын президенти менен сүйлөшкөндөн кийин улуттук курамадан кетүүнү чечтим”, — деп жазган Роналду.
Футболчу өз чечиминин себептерин кийинчерээк айтып берерин белгиледи.
“Убактысы келгенде улуттук курамадан кетүүгө эмне себеп болгонун португалиялыктарга айтып берем. Мен бул команда үчүн ар дайым болгон күчүмдү жумшап келгем”, — деди ал.
Роналду Португалиянын курамасына жана командалаштарына ийгилик каалады.
Буга чейин август айында футболчу учурдагы сезон анын профессионалдык карьерасындагы акыркы сезон болушу мүмкүн экенин билдирген.