Дүйнөлүк рекорд: Кытайда суу астына 116 дрон коё берилди

Дүйнө 1 октябрь 2026 10:05
Дүйнөлүк рекорд: Кытайда суу астына 116 дрон коё берилди

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кытайдын Түндүк-Батыш политехникалык университети Xian Tianhe Haifang Intelligent Technology менен биргеликте автономдуу суу астындагы жабдууларды бир убакта учуруу боюнча Гиннесстин дүйнөлүк рекордун койду, деп Kaзинформ аталган университетке шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, сыноо учурунда суу астына 116 дрон бирден коё берилип, адамдын катышуусуз автономдуу режимге өттү.

Анда 500 метрден ашык алдын ала аныкталган маршрут боюнча жабдуулар сүзүүнү 34 мүнөттө аяктады.

Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү сыноонун ийгиликтүү болгонун тастыктап, жаңы дүйнөлүк рекордду катташты.

TH-618 моделинин узундугу 61,5 см, туурасы 20 см жана бийиктиги 28 см, салмагы 5,14 кг түзөт. Түзмөк 30 чакырымга чейин уча алат.

Дрон алдын ала аныкталган маршрут боюнча толугу менен автономдуу иштейт.