Дүйнө жылдызы Димаш Кудайберген Кыргызстанга келди

Маданият 22 Июль 2025 10:00
520171985_4102681673347680_2263273634358421901_n.jpg
520252389_4102681666681014_1833081079201627429_n.jpg
520429130_4102681706681010_8724265987232387077_n.jpg
519984975_4102681716681009_1218292722579713758_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Султан Раевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Казакстандык белгилүү дүйнө жылдызы Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Раевдин маалыматына караганда, ал учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV "Мейкин Азия" эл аралык музыка сынагына ардактуу конок катары чакырылган.

"Димаш Кудайберген 2013-жылы "Мейкин Азия" заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байгесинин жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат", - деп жазды ал.