Дүйнө тез өзгөрүп жаткан маалда 2030-жылга чейинки улуттук программаны кабыл алуу зарылчылыгы жаралды - Абдыров

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-06-11 at 17.51.13.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчысы аталган программада Кыргызстандын өнүгүшүнүн бардык негизги багыттары камтылганын белгиледи.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2018-жылы 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган. Бүгүнкү күндө дүйнө тез өзгөрүп жаткан маалда өлкөдө жаңы документти кайрадан түзүп, кабыл алуу зарылчылыгы жаралды.

“Менин оюмча, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы абдан керек эле. Мурда 2040-жылга чейинки улуттук стратегия кабыл алынган. Ал убакта геосаясат, социалдык-экономикалык шарттар башкача болчу. Андан бери биздин эле мамлекет эмес, бүткүл дүйнө жүзү пандемияны, энергетикалык кризисти башынан өткөрдү. Азыр дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө санариптештирүү, туруктуу өнүгүү, жашыл экономика, азык-түлүк коопсуздугуна басым жасалууда. Чыныгы реформанын ордуна эскирген программанын алкагындагы иштер боюнча отчетторду берүү мамлекеттик кызматкерлердин жана аналитиктердин убактысын алып жатат. Ошондуктан жаңы программанын зарылчылыгы бар. 5 жылдык кыска мөөнөттүү пландар жыйынтыктарды көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Биз ички жана тышкы чакырыктарга ыңгайлашууга, реалдуу максаттарга карата бюджеттик пландоого, эң негизгиси жаңы идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүктөр жогору. Мындан улам стратегияларды кайра кароо, жаңылоо керек. Анткени дүйнө тез өзгөрүп жаткандыктан маанилүү документтерди жаңылоо учур талабы”, - деди ал.