Дүйнө кубогу: Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Спорт Загрузка... 20 Ноябрь 2025 09:24
3732811.49dd1e7b95936235a277d18258ccda72.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты.

Мушкер 60 кг салмак категориясындагы беттешин чейрек финалдан баштаган. Алгач польшалык мушкерди, ал эми жарым финалда англиялык спортчу Уильям Дэвид Хьюитти жеңип алды.

Эми ал алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, мелдеш 16-20-ноябрда Индиянын Чоң Нойда шаарында өтүүдө.