Дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди

Спорт 26 Август 2025 10:45
537484016_788705576835995_5982983155664029060_n.jpg
538328962_788705616835991_3194475208295785142_n (1).jpg
538328962_788705616835991_3194475208295785142_n.jpg
538695648_788705663502653_1636917656185800410_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Бүгүн 20 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал чемпионатка 67 кг салмактык категорияда катышкан.

Дүйнө чемпионун "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү. Ал сегиз күнгө созулуп, алгач эркин күрөш, андан соң кыз-келиндер арасында күрөш, ал эми 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталган.