Дүйнө чемпионаты (U-23). Балбан Нурзат Нуртаева алтын үчүн күрөшөт

Спорт Загрузка... 23 Октябрь 2025 19:00
WhatsApp Image 2025-10-23 at 18.55.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) дүйнө чемпионатында алтын медаль үчүн күрөшөт.

Нурзат Нуртаева мелдешке 72 кг салмак категориясында катышып, 1-орун үчүн беттеште АКШнын өкүлү Жасмин Робинсон менен кез келет.

Финалдык беттештер бүгүн, 23-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө орун алат.

Белгилей кетсек, Нурзат Нуртаева жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси, Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азиянын эки жолку чемпиону, ошондой эле 2025-жылдагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыган.