Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Бүгүн Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат.
Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда катышат. Алар:
- Дилназ Абдыкадырова - 50 кг;
- Асема Анаркулова - 65 кг;
- Гүлнура Таштанбекова - 68 кг;
- Кайыркүл Шаршенбаева - 72 кг;
- Айжаркын Жаныбекова - 76 кг.
U-20 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу.