Дүйнө чемпионаты (U-20): Адилет Акылбеков күмүш медалга татыды

Спорт Загрузка... 19 Август 2025 09:38
536144746_1504990943996511_3040519826351543883_n.jpg
copyright icon Бириккен күрөш дүйнөсү

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Күн мурун Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Адилет Акылбеков күмүш медалга татыды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал финалда россиялык атаандашына жеңилип, жыйынтыгында 2-орунду алган.

Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 74 кг салмактык категорияда күч сынашты.

Муну менен Адилет Акылбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан үчүнчү кыргызстандык эркин күрөшчү болуп калды.

Ага чейин финалга чыккан балбандар – Уларбек Тууганбай уулу (1997-жылы) жана Хуршид Парпиев (2016-жылы) болгон.