Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.

Ал финалга чейинки беттештерде ишенимдүү күрөш көрсөттү.

1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту.

Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.