Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионаттын алтынчы күнүндө 55 кг, 77 кг, 82 кг жана 130 кг салмак категорияларында беттештер өтөт.
Кыргызстандан төмөнкү спортчулар күрөшөт:
- 55 кг – Улан Муратбек уулу баштапкы таймашта ирандык Паям Балутаки менен күч сынашат;
- 77 кг – Ырыскелди Максатбек уулу 1/16 финалдык баскычта мексикалык Эммануэль Кастро менен беттешет;
- 82 кг – Бекзат Орункул уулу 1/16 финалда филиппиндик Габриэль Динеттке каршы күрөшөт;
- 130 кг – Нурманбет Раймалы уулу дагы 1/16 финалда венгриялык Дариус Витек менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.