Дүйнө чемпионаты: Балбан Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Балбан Эрназар Акматалиев  коло медаль үчүн күрөшөт
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 14.09.25 /Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн, 14-сентябрда көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында 70 кг салмак категориясында Акматалиев Париж Олимпиада оюндарында жеңилип калган венгриялык Исмаил Мусукаев менен кез келип, спортчу аны 14:4 эсебинде жеңип, реванш алды.

Коло медаль үчүн болгон таймашта Эрназар Акматалиев армениялык балбан Арман Андреасян менен беттешет. Финалдык кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Белгилей кетсек, күн мурун, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.