Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алуу уланууда

Коом 14 август 2026 09:40
772938732_1677787336628328_7348375906964346358_n.jpg
772818313_1072149095311119_8498422837154331310_n.jpg
768392345_1033599829650132_5508201637210395864_n.jpg
773492232_2080463135892131_2998203850601151119_n.jpg
773034414_4486922731531061_3358905855200299484_n.jpg
774088159_27430962606586076_522485943839122601_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-августта Свердлов районунун аймагында тышкы жарнамаларды жана маалыматтык көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда дизайн-коддун талаптарынын сакталышын камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына (БЧК) чейинки тилкесинде, чыгыш тарабында, колдонуудагы талаптарды бузуу менен өз алдынча орнотулган 168 жарнамалык конструкция демонтаждалды.

"Урматтуу ишкерлер жана мүлк ээлери! Жарнама конструкцияларын жайгаштыруунун мыйзамдуулугун алдын ала текшерип, объекттердин сырткы жасалгасын бекитилген талаптарга ылайык келтирүүгө чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.