Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. 2025-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, 19 сапардын ичинен үчөө расмий, 16сы жумушчу сапар болгон. 2025-жыл регионалдык жана глобалдык күн тартибинин татаалдыгына карабастан, экономикалык дипломатиянын жогорку темпин жана интенсивдүүлүгүн сактап калууга болорун көрсөттү. Бул сапарлардын алкагында ондон ашык документке кол коюлуп, бир нече узак мөөнөттүү "жол карталары" иштелип чыкты.
Өз кезегинде, тышкы иштер министри 16 сапар жасаган, анын ичинен 6сы расмий, 10у жумушчу жана бирөө онлайн форматта өттү.
"КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрү биздин башкы артыкчылыгыбыз жана туруктуулуктун негизи болду. Ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары ишине катышуусуна карата Нью-Йоркко мазмундуу сапар ишке ашты. Анын алкагында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана башка мамлекеттер менен жолугушуулар өттү", — деди министр.
Мындан тышкары, 2025-жылы Словенияга жана Венгрияга расмий сапарлар болду. Ошентип, бир жылдын ичинде Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн географиясы кыйла кеңейип, өлкөнүн позициясы бекемделди жана кызматташтыктын жаңы багыттары ачылды.
Тышкы иштер министрлигинин башчысы 2025-жылдын эң маанилүү тышкы саясий жетишкендиги катары Кыргызстан менен Таджикистандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын биротоло такталышын белгиледи. 2025-жылдын мартында кыргыз-тажик чек арасы боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлуп, Борбор Азиянын заманбап тарыхындагы эң узак жана татаал сүйлөшүү процесстеринин бири аяктады.