Глобалдык геосаясий өзгөрүүлөр күчөгөн шартта Бишкек саммити дүйнөлүк лидердердин орток тил табышуучу Евразиялык аянтына айланды. Эл аралык эксперттердин тыкыр назарында өткөн бул тарыхый иш-чара Кыргызстандын масштабдуу саясий процесстерди башкарууга кудурети жетерин гана көрсөтпөстөн, расмий Бишкектин сөзү өтүмдүү, стратегиялык өнөктөш катары калыптанганын ырастады. Президент Садыр Жапаровдун командасы коопсуздук жана логистикалык жактан өтө татаал ШКУ саммитин жогорку деңгээлде өткөрүп, өлкөнүн эл аралык аброюн жана саясий салмагын жаңы бийиктикке көтөрдү. Кыргызстан өз тарыхында алгачкы ирет 20дан ашык өлкөнүн лидерлерин бир аянтчада кабыл алып, сыноодон ийгиликтүү өттү.
Глобалдык өзгөрүүлөр жана эл аралык деңгээлде кызуу талкууга алынып жаткан саясий процесстер шартында дүйнөлүк державалардын башчыларынын Кыргызстанга чогулуусу эл аралык эксперттик коомдун тыкыр назарында болду. Дүйнөнүн күн тартибиндеги өлкө лидерлеринин позициялары, аракеттери, деги эле дүйнө саясатына таасир эте турган кадамдар кеңири талкууга алынууда. Ал эми Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр үчүн Евразиянын дипломатиялык мейкиндиги катары кадыресе кабыл алынды.
Айтмакчы, биздин өлкө тарыхта биринчи жолу бир эле учурда 20дан ашык делегация башчыларын кабыл алып, чакыруусу четке кагылбаган, тийиштүү лидерлерди толук курамда бир жерге чогулта алган сөзү өтүмдүү өлкө катары өзүн көрсөтө алды. Президент Садыр Жапаровдун командасы логистика жана коопсуздук жагынан өтө татаал саммитти үзгүлтүксүз жана тийиштүү деңгээлде өткөрдү.
Демек, Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги салмактуу саясий иш-чараларды өткөрүүгө күчү жана мүмкүнчүлүктөрү жете турганын көрсөттү. Кыргыз бийлигинин ШКУнун макамын жана аброюн көтөрүүдөгү салымын Бишкек саммитине келген лидерлер да белгилешти. Россиянын президенти Владимир Путин кесиптештеринин көңүлүн Бишкек саммитинин инфраструктурасына бурду.
“ШКУнун саммитинин ишин уюштуруу боюнча чоң иш жүргүзүлдү. Мурда келип жүргөндөр, байкасаңыздар керек, атайын ушул иш-чара үчүн жаңы мекемелер курулду. Татыктуу жана эл аралык деңгээлде. Уюштуруучулук, баары мыкты болду. Ошондой эле маанилүү документтер кабыл алынды. Кыргызстандын президентин жана анын бүткүл командасын бул жыйынтык менен куттуктайм”, - деди Россиянын президенти Владимир Путин.
Чындыгында кыргыз бийлиги Шанхай кызматташтык уюмуна даярдык иштерин кеңири масштабда жүргүзгөнүнө баарыбыз күбө болдук. ШКУну эл аралык деңгээлде татыктуу тосуу үчүн аба майдандары модернизацияланды, “Ырыс Ордо” конгресс борбору менен ШКУ президенттери да келет деп Көчмөндөр оюндарынын ачылышына алп имарат – “Бишкек Арена” нөлдөн баштап тургузулду. Жолдор оңдолуп, Бишкек көрктөндүрүлдү.
Бир сыйра жаңырган Кыргызстан ошол эле убакта дүйнөлүк лидерлердин жоон тобунун келишин өзүн кеңири көрсөтүү үчүн пайдаланууга аракет кылды. ШКУнун саммитинин, Эгемендүүлүк күнүнүн жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын дал келиши чет элдик конокторго саясий борборду гана эмес, ошондой эле өлкөнүн улуттук маданиятын, спорттук салттарын жана туристтик потенциалын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
“Кыргызстан үчүн 2025-2026-жылдардагы төрагалык дипломатиялык жактан ийгиликтүү болду. Өлкөнүн жетекчилиги 21 мамлекет башчысын кабыл алуу жөндөмүн көрсөттү.
"ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга уюмдун он толук кандуу мүчөсү (Россия Кытай, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан), ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн, диалог боюнча өнөктөштөрдүн лидерлери жана чакырылган коноктор, анын ичинде Түркия, Азербайжан, Армения, Монголия, Египет, Вьетнам, Того жана Лаос катышты. Саммитке БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышты”,- деп жазды Комсомольская правда басылмасы.
Ал эми Euronews басылмасы өлкө башчы Садыр Жапаровду саммитин кожоюну атап, анын эки тараптуу жолугушууларын өзүнчө тизмектеди.
“Саммиттин төрагасы болгон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен Бишкекке келгенде жолугуп, эки лидер "түбөлүктүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык" жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул Кыргызстандын президенттин администрациясынын билдиргенине караганда, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт. Си Цзиньпин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүгүүнүн "алтын мезгили" деп атады.
Жапаров ошондой эле дүйшөмбү күнү БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух, Лаостун президенти Тонглун Сисулит, Тогонун президенти Форе Гнассингбе, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү”, - деп жазды Euronews маалымат агенттиги.
Ал эми мазмундук жагына келе турган болсок, Кыргызстан ШКУнун беделин бекемдөө жана эл аралык мамилелерин кеңейтүү үчүн көп иш жасады. Уюм КМШда байкоочу макамын алды, КМШ, ШКУ жана ЖККУнун ортосундагы кызматташтыктын үч тараптуу жол картасына кол коюлду. БУУ менен ШКУнун ортосундагы кызматташуу боюнча резолюция кабыл алынды. Андан тышкары, ШКУ Араб мамлекеттеринин лигасы менен биринчи иш-чарасын өткөрдү. Биздин өлкөнүн аракетин ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жогору баалады.
"Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун мааракелик жылына туш келди. Ошондуктан, эки эселенген жүк болду - мааракени белгилөө жана саммитти уюштуруу. Кыргызстан бул милдетти эң сонун аткарды", - деди ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев.
Ермекбаев Кыргызстандын төрагалыгы менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча прогрессти белгиледи. Тараптар азыр негиздөөчү документтер боюнча макулдаша башташты.
Эксперттердин талкуулары көрсөтүп жаткандай эл аралык коомчулук ШКУнун Бишкек саммитин ийгиликтүү жана маанилүү окуя катары тааныды. Батыш үчүн аймактык альянстын күчөшүнөн кабар берсе, ШКУ мейкиндиги үчүн "Шанхай рухунун" жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү болду. Ал эми Кыргызстан Азиянын борборундагы кадыр-барктуу жана стратегиялык жактан маанилүү дипломатиялык борбор катары макамын бекемдеди.