Дипфейк – алдамчылыктын жаңы түрү. ИИМ жарандарды сак болууга чакырат

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 11:10
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги алдамчылыктын жаңы түрү, атап айтканда дипфейк пайда болгонун маалымдайт.

Дипфейк - бул жасалма интеллект аркылуу адамдардын реалдуу видеолору, же үндөрү аркылуу алдамчылыктын тузагына илүү жолу деп түшүнсөк болот.

Ал эми бүгүнкү күндө ар бир адамдын жүзүн, же үнүн пайдалануу менен алдаган фактылар да пайда болууда.

Алдамчылыктын бул түрү адамдарды алдап, акча каражатын, жеке маалыматтарын, же системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга колдонулат.

Министрлик мындай алдамчылыктан сак болуп, шек жараткан билдирүүлөрдү тактап, акча же купуя маалымат сураганда түз байланышып билүүңүз керек экенин, жеке маалыматтарды жана сыр сөздөрдү бөлүшпөнү эскертет.

"Алдамчылар ойлонууга мүмкүнчүлүк бербегенге аракет кылат, шашып дүрбөлөңгө түшпөстөн милиция кызматкерлерине, же "102" кызматына билдириңиз", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, дипфейктерди түзүү, жайылтуу жана колдонуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Бул аракеттер адамдын укугун бузуу жана жалган маалымат таратуу катары каралат.