Динара Кемелова БУУнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Коом 18 июль 2025 17:00
518995202_1286624203472211_9126124538443295776_n.jpg
518296629_1286624200138878_8722699023803208473_n (1).jpg
518979980_1286624266805538_3774954307585629634_n.jpg
520919066_1286624196805545_8480532212358812154_n.jpg
Алдыга
Артка
518995202_1286624203472211_9126124538443295776_n.jpg
518296629_1286624200138878_8722699023803208473_n (1).jpg
518979980_1286624266805538_3774954307585629634_n.jpg
520919066_1286624196805545_8480532212358812154_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Президенттин “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары - Амина Мохаммед, Аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп келе жаткан чакан арал мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү - Фатима Рабаб, БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨП Администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуу туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга (ПФУР) катышуунун алкагында орун алды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, «Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясынын (2025-жылдын 24-25-апрель, Бишкек ш.) жыйынтыктарын талкуулашып 2025-2027-жылдарга өз ара аракеттенүү пландарын белгилешти.

БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед айым менен жолугушууда Динара Кемелова Кыргызстандын тоо демилгелери, тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон көйгөйлөр жана тоо экосистемаларын коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, БУУга жана анын агенттиктерине Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын жүзөгө ашыруу маселелери, алдыдагы иш-чаралар, анын ичинде БУУнун алкагында Тоо күн тартиби боюнча конференцияны (2026) жана "Бишкек+25" Экинчи дүйнөлүк тоо саммитин (2027-ж.) өткөрүү маселелери талкууланды.

Маектештер өз кезегинде Тоо күн тартибин эл аралык аренада жылдырууда Кыргызстандын лидердик ролун оң баалагандыгын, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүгө даярдыктарын билдиришти.

Динара Кемелова ошондой эле Гендердик теңчиликти камсыз кылуу №5 Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышына арналган сессияларда сөз сүйлөдү.