Дин саясаты: Көп түрдүүлүк, диалог жана акыркы 5 жылдагы ири өзгөрүүлөр

Аналитика 26 Август 2026 18:12
WhatsApp Image 2026-08-26 at 18.08.32.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Акыркы беш жылда Кыргызстандын дин саясатында жана диний чөйрөсүндө бир топ өзгөрүүлөр болду. Бул убакыт аралыгында мамлекет светтик эрежелерди жана салттуу диндерди коргоого, радикалдык аракеттердин алдын алууга бир топ жан үрөдү. Динди өз агымында таштабай тартипке келтирүүгө аракет жүрдү. Өзгөчө Кыргызстан диний көп түрдүүлүктү маданий байлык катары сактап кала алды. Бул арада тармактын эксперттери акыркы беш жылда диндер аралык мамилелерде институционалдык өзгөрүүлөр болгонун белгилеп жатышат.

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын дин саясаты алда канча либералдуу экени маалым. Статистикага таянсак, республика боюнча 4 жарым миңдей диний уюм катталган. Анын дээрлик басымдуу бөлүгү ислам динине байланыштуу. Ал эми 400гө чукулу православ, католик, лютерандар баштаган христиандарга таандык. Мындан сырткары буддисттер, кришна, бахаи жамааттары баштаган чыгыш диндери жана иудаизм бар. Диний билим берген окуу жайлардын саны 200дөн ашат. Бул диндердин жана ишенимдердин бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү катары кабыл алынбайт.

Ондогон жылдар бою калыптанган мындай диний көп түрдүүлүктү биздин өлкө маданий өзгөчөлүк катары кабыл алып калды. Ошол эле убакта диний көп түрдүүлүк өзгөчө жоопкерчиликти талап кылды. Ал коомду бөлүп-жаруучу эмес, бириктирүүчү күчкө айланып, ар кыл дин өкүлдөрүнүн тынчтыкта жана биримдикте жашоосу үчүн мамлекет көп аракет кылды. Натыйжада Кыргызстан диндер аралык сабырдуулук маданиятын калыптандыра алдык десек болот.

Өзгөчө исламга жамынып сырттан келген ар кыл жат агымдардын алдын алуу үчүн мамлекет бир гана Ханафий мазхабын колдоо саясатын жүргүзүп келет. Башкача айтканда, исламдагы салттуу багытка өзгөчө басым жасалууда.

Деги эле диний көп түрдүүлүк шартында чөйрөдөгү тартипти жана тең салмакты сактоо боюнча мамлекет акыркы беш жылда конкреттүү кадамдарга барды. Алсак, 2021–2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында диндер аралык жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү өзүнчө белгиленген.

Ал эми “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам диний саясаттагы эң чоң укуктук бурулуштарды алып келгени белгиленип жатат. Анда диний ишмердүүлүктүн субъекттери так аныкталды, диний уюмдарды каттоо тартиби такталды, диний билим берүү жөнгө салынды, миссионердик ишмердүүлүккө талаптар белгиленди, диний материалдар боюнча тартип киргизилди, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси такталды, мамлекеттик органдын диний чөйрөдөгү статусу бекемделди, диний уюмдардын укуктары жана милдеттери конкреттештирилди, жоопкерчилик маселелери такталды.

Белгилей кетүүчү жагдай, диний материалдар жана диний экспертиза боюнча дагы жаңы тартип пайда болду. 2025-жылы министрлер кабинетинин токтому кабыл алынып, диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, өлкөгө алып кирүү, алып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибин бекитти. Бул мамлекеттин диний маалымат мейкиндигине көңүл буруп жатканын көрсөтөт.

WhatsApp Image 2026-08-26 at 18.08.31

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2025-жылы Улуттук дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттикке кайра түзүлүп, өзгөрүшү менен диний саясат жана этностор аралык мамилелер бир мамлекеттик институттун алкагында көбүрөк байланышта карала баштады. Мунун саясий логикасын мурунку Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, диндер аралык мамилелер боюнча эксперт жана конфликтолог Зайырбек Эргешов “Кабар” агенттигине болгон маегинде түшүндүрүп берди.

“Бул дин аралык ынтымак, андан ары этностор аралык ынтымак, ага уланган улуттук биримдик жана жарандык иденттүүлүк, ошондой эле акыркы чекиттеги коомдук туруктуулук дегенди билдирет. Деги эле Кыргызстандагы диндер аралык мамиледе институционалдык өзгөрүүлөр болду. Кыргызстанда мусулмандар басымдуу болгон шартта башка диний конфессиялар менен мамилени сактоо өзгөчө маанилүү.
Мисалы, 2025-жылы Конфессиялар аралык кеңештин жыйыны өткөрүлүп, жаңы диний мыйзамдын негизги жоболору талкууланган. Бул жерде мамлекеттин ролу өзгөрүп, башкача айтканда, мамлекет диндердин ортосундагы атаандаштыкка аралашкан субъект эмес, диалог үчүн институционалдык шарт түзгөн координатор катары роль ойнойт.
Диндер аралык мамиледе толеранттуулуктан диалогго өтүү зарылчылыгы күчөдү. Мурун көбүнчө диний толеранттуулук деген түшүнүк колдонулса, азыр диалог, өз ара түшүнүшүү, кызматташуу, социалдык туруктуулук деген түшүнүктөр көбүрөк колдонулууда. Мунда диний билим берүү маселеси кыйла күчтүү жөнгө салына баштады. Эгер диний билим берүү сапатсыз болсо, анда диний сабатсыздык, радикалдуу интерпретациялар, чет өлкөлүк идеологиялык таасир, жабык диний чөйрөлөр, жаштардын манипуляцияга кабылуусу сыяктуу тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан жаңы мыйзамда диний билим берүүнү жөнгө салуу өзүнчө багыт катары көрсөтүлгөн”, — деди Зайырбек Эргешов.

Өлкөдөгү диний уюмдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты колдоого багытталган маанилүү коомдук-диалогдук институт катары Кыргызстан Конфессиялар аралык кеңеши иштеп келет. Ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрүн бириктирген бул аянтча өз ара ишенимди бекемдөөгө, сабырдуулук маданиятын өнүктүрүүгө жана коомдогу тынчтыкты сактоого кызмат кылууда.

“Акыркы жылдары анын алкагында 50дөн ашуун тегерек стол, 30га жакын улуттук жана эл аралык конференция, ошондой эле ондогон жумушчу жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлдү. Бул иш-чараларда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү, диний экстремизмдин алдын алуу, жаштар арасында радикалдашуунун тобокелдиктерин азайтуу, светтик мамлекеттин принциптерин бекемдөө жана диний сабаттуулукту жогорулатуу сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланып, биргелешкен сунуштар иштелип чыкты.
Айрыкча, Конфессиялар аралык кеңеш тарабынан уюштурулган эл аралык конференциялар диний чөйрөдөгү диалог маданиятын өнүктүрүүгө чоң салымын кошту. Алардын катарында “Заманбап светтик мамлекеттеги ислам”, “Ислам жана православие – тынчтыктын диндери”, ошондой эле “Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү” аттуу конференциялар өзгөчө мааниге ээ болду.
Ошондой эле диний уюмдардын коомдук турмушка кошкон салымын көрсөтүүгө багытталган “Confest” ачык фестивалы, Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча социалдык акциялар, ошондой эле бардык диний конфессиялардын өкүлдөрүн бириктирген “Конфессиялар аралык марафон” сыяктуу демилгелер коомдо өз ара урматтоону, биримдикти жана сабырдуулукту жайылтууга зор шарт түздү”, — деп билдирди Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик.

Диний мамилелерди жөнгө салуу мамлекеттик коопсуздукту, коомдук туруктуулукту, социалдык биримдикти жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу фактор. Бул багытта 2021–2026-жылдарга карата диний жана этностук чөйрөдөгү “Кыргыз жараны” концепциясы кабыл алынган. Кийинки жылдан баштап ал жаңы баскычка көтөрүлөт. Жаңы 2027–2031-жылдарга карата концепциянын долбоору чөйрөдөгү институционалдык өзгөрүүлөрдү жаратууга багытталган.