Депутаттар жаза аткаруу мекемелеринен кабар алышты

Коом 13 июнь 2025 15:45
506532424_1029909112655644_6431564556862458875_n.jpg
506031293_1029909099322312_8725676776721002012_n.jpg
506196767_1029909009322321_2348541149943873293_n.jpg
506687283_1029909012655654_7570608673993356168_n.jpg
506607531_1029908902655665_4860709625699871159_n.jpg
506238338_1029908905988998_2210455153980710658_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңештин маалымат кызматы

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Медербек Алиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагына барышты.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү абактагылар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ошондой эле кармоо шарттары, бөлмөлөрдүн санитардык абалы, медициналык жардамдын жеткиликтүүгү, тамак-аш, китепкана, адвокаттар жана туугандары менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маселелер менен да таанышып чыгышты.

"Өз кезегинде депутаттар жаза өтөөчү жайларда адам укуктарынын сакталышын камсыздоо жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун аткарып жаткан иштерине жогору баасын беришти. Аны менен бирге мындай иш-чаралар коомдук жана парламенттик көзөмөл механизмин чыңдоого көмөктөшүп, Жаза аткаруу кызматынын ишинин ачыктыгын жогорулатарын белгилешти",-деп айтылат маалыматта.