Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева саламаттык сактоо министрине “өнөктөш төрөт” практикасын кайтаруу маселесин кароону өтүндү.
Анын айтымында, бул практика отуз жылдан бери кайталанып, кээде киргизилип, кээде токтотулуп келет.
"Өлкөдөгү төрөт үйлөрүндөгү коррупцияны жеңе элекпиз. Андыктан психологиялык жардам катары кайтарылып берилсе жакшы болмок. Төрөт учурунда эжеси же апасы катышсын. Муну аялдар өздөрү суранып жатат", - деп белгиледи депутат жана Саламаттык сактоо министрлигинен бул өтүнүчүн карап чыгууну өтүндү.