Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рахат Жунушбаева 2029-жылы Экономикалык кызматташтык уюмунун туристтик борбору деп жарыяланган Каракол шаарында тарыхый имараттардын бузулуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, туристтер Караколго заманбап имараттар үчүн эмес, тарыхый жайларды көрүү үчүн келишет. Бирок учурда шаардагы тарыхый имараттардын так саны белгиленген эмес.
"Каракол шаарынын Экономикалык кызматташтык уюмунун туристтик борбору деп жарыяланганы биз үчүн чоң сыймык, бирок ошол эле учурда чоң милдет. Негизи Караколду XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы уникалдуу архитектураны сактап калган шаар-музей десек болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө шаардагы уникалдуу имараттар бузулууда, биз буга күбө болуп жатабыз. Шаарда тарыхый имараттардын так саны белгиленген эмес. Ошондуктан Каракол шаарында тарыхый мурас аймагын түзүү боюнча сунушум бар. Бул менен тарыхый имараттарды бузулуудан сактап эле калбастан, аларды калыбына келтирүүгө инвестиция да тарта алабыз. Мында эл аралык уюмдардан реставрацияга грант алуу мүмкүнчүлүгү болот. Башкы максат тарыхты коргоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү", — деди эл өкүлү.
Депутат белгилегендей, шаарга жаңы имараттарды курууда тарыхый жайларга залакасы тийбеши керек.
"Албетте, шаар заманбап багытта да өзгөрүшү керек. Бирок ошол эле учурда тарыхыбызга залака тийгизбешибиз керек деп ойлойм. Себеби туристтер Караколго заманбап курулуштар үчүн эмес, нукура тарых үчүн келишет. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берип, Каракол шаарына тарыхый мурас аймагын киргизүү жана тарыхый имараттарды өзгөчө коргоого алуу боюнча тапшырма берүүңүздү сурайм", — деди ал.