Депутат болуу үчүн 300 миң доллар коротком – Садык Шер-Нияз

Коом Загрузка... 30 Январь 2026 15:25
_gluster_2023_1_10_227e9d3a3b79e8a3b2ad62f89093fe57_original.38834.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Депутат болуу үчүн 300 миң доллар коротком. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Кабар подкастта” билдирди.

Анын айтымында, шайлоо маалында жарнама жана башка иштерге бир топ каражат сарпталат.

“Бүгүнкү күндө шайлоодо мынча короттум деп депутаттар айтып жатышпайбы. Ал толук көрсөтүлгөн суммалар эмес. Кейиштүүсү шайлоодо ошончолук акча кетет экен. Аттарын атабай эле коёюн, бирок, акчасы жок көрүнүктүү маданият ишмерлери, жазуучулар же болбосо тарыхчылар өтө албай калды”, - деди ал.